Ахимса (санск.अहिंसा – тирүү жанга залал тийгизбе) – тирүү жандыктын бири-бирине жакындыгын, деги эле бирдигин билдирген идея, адам баласы жаратылыштан ажырагыс экендигин чагылдырат.

Ахимса брахман-ведаларга чейинки ой жүгүртүү. Ахимсанын негизги мүнөздөмөсү бүтүндөй тирүү жандыкка карата универсалдуу жана анын эч кандай чеги жоктугу; бул пикирдин башка жагы адептүүлүк актысынын күчү жоктугу.

Ахимса бул баарынан мурда айлана-чөйрөгө боорукердик менен мамиле кылуу, ошондуктан Ахимса кандайдыр бир кыймыл эмес, ал адептүүлүктүн, Гумандуулуктун көрүнүшү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү