Ахл аз-зимма (зиммалар - колдоого алынгандар) - мусулман бийлигин тааныган, жан салыгын (жизия) төлөгөн жана ал үчүн мусулмандар тарабынан колдоого алынган башка диндегилер. Аларды тышкы душмандардын кол салуусунан коргоо жана өмүрүнө, мүлкүнө кол тийбестик укугу мусулмандар менен бирдей даражада сакталган. Алгач зимма аталышы Мухаммеддин араб урууларына кайрылуусунда (629-630) жана Курандын 9-сүрөөсүндө айтылган. Кийин Наджран христиандары менен түзүлгөн келишимде (632) аларга сөзсүз аткарылуучу шарттар коюлуп (жизия, ошондой эле акчалай же натуралай салык төлөө, мусулмандарга турганга жай берүү жана алардын душмандарына колдоо көрсөтпөө), ошондон кийин гана зиммаларга колдоо көрсөтүүлөрү айтылган. Мезгпл өткөн сайын бул шарттар жаңылана берген. Мисалы, 11-кылымда ал-Мавардинин тушунда Ахл аз-зиммаларга 12 шарт койгон: Куранга, Мухаммедге акаарат келтирбөө, мусулман кыздары менен никеге турууга, мусулмандарды башка динге өтүүгө үгүттөөгө, мусулмандардын душмандарына жардам көрсөтүүгө жана башкаларга тыюу салынган. Мындан тышкары алар мусулмандардан айырмаланып, белгиси бар кийим кийүүгө тийиш болгон, мусулмандардын турак-жайынан бийик үйлөрдү салууга, өздөрүнүн ыйык китептерин мусулмандар бар жерде үн чыгарып окууга жана алардын көзүнчө шарап ичүүгө, крестти, чочкону ачык жерге кармоого жана башкаларга тыюу салышкан. Бирок буга карабастан, орто кылымдарда негизинен башка диндегилерге карата мусулмандардын мамилеси негизинен дурус болгон. 19-кылымда Европа өлкөлөрү Осмон империясындагы христиандардын абалы тууралуу маселени шылтоо кылып, ички иштерге кийлигише баштагандан кийин мусулмандарда христиандарга карата кастык мамиле пайда болуп, 1860-жылы Сирия жана Ливанда кан төгүүлөргө алып келген. Бүгүнкү күндө Ахл аз-зимма түшүнүгү жоюлган жана мусулман өлкөлөрүнүн бардык жарандары жалпы мыйзамга баш ийишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1