Ацетаттар - уксус кислотасынын туздары жана эфирлери.

Ацетаттарметаллдардын кычкылдарын жана суу кычкылдарын же карбонаттарын суюлтулган уксус кислотасында эритүүдөн алынат. Уксус кислотасынын туздарынын көпчүлүгү - сууда жакшы эруучү кристаллдар, эфирлери - жемиш же гүл жыттанган тез учуучу суюктуктар. Ацетаттарлактарды, синтет. булаларды, желимдерди, киноплёнка ларды, жасоодо, парфюмерияда, тамак өнөр жайда, медицинада, айыл чарбада жана боёо ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.