Ацетилен генератору - кальций карбидине (СаС2) сууну кошуп, ацетилен газын (С2Н2) бөлүп алуучу аппарат. Ал процесс төмөнкү реакция боюнча жүрөт: СаС2 + 2Н2О = С2Н2 + Са(ОН)2. Бул реакциянын натыйжасында 1 кг техникалык СаС2 ден 20°С ж-а 101325 Н/м2 (760 сымап мамычасында мм) басымдагы 235-285 л С2Н2 алынат. СаС2ден бөлүп алынуучу ацетилен газ пайда кылуучу генератордо алынат да, андан газ чогулткучка берилет. Жалпысынан төмөнкү (0,01 МН/м2 же 0,1 кгк/см2 чейин), орточо (0,01-0,15 МН/м2 же 0,1-1 кгк/см2) жана жогорку (0,15 МН/мг же 1 кгк/см2 ашык) басымдуу ацетилен генератору болуп айырмаланат. Ацетилен генератору металл кесүү, ширетүү жана башка иштерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1