Ачаланган диктиофора (лат. Dictyophora duplicatus), (Bosc. E. Fisch) – Жаш мөмөлүк денеси негизинен шар сымал, жумурткадай, кээде цилиндрдей, диаметри 4-5 см, жылмакай, башында ак, кийин агыш-саргыч жана ачык күрөң, теги мицелийлүү жипчелүү. Рецептакулу цилиндрдей, узундугу 15-20 см, калыңдыгы 2,5-4,5 см, түбүнө ичкерген, көңдөй, ак же ачык күрөң волңвалуу теги менен. Калпак сымал глебасы конустай, узундугу 3- 5 см жана ушундай эле калыңдыкта. Анын сырткы жагы бутактанган жана бири-бири менен бекилген кабырчалардан торчолонгондой көрүнөт; калпакчасы жетилгенде саргыч-жашыл, былжырлуу. Глебасы менен рецептакуласынын өйдөкү учуна ак же агыш-бозомук, агыш-саргыч, салаңдаган токулган юбкага окшогон, рецептакуласынын ортосуна же аягына жеткен торчодой индузий бекиген. Жетилген козукарын начар жагымсыз жыт чыгарат. Базидиялары 6-8 споралуу. Споралары эллипстей, 3,5-4,4 х 1,2-1,8 мкм, жылмакай.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Гумуста сапротроф. Споралары чымындар аркылуу таралат.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Батыш жана Чыгыш Европа, Кытай, Түндүк Америка, Казакстан, Кыргызстан: Бишкек ш.

Өсүү шарттары түзөтүү

Гумуска жана органикалык калдыктарга бай топурактарда, дайыма нымдуу жерлерде, токойлордо жана эс алуу бактарда учурайт.

Саны түзөтүү

Бирин-серин экземплярдан кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Изилденбеген.

Өстүрүү түзөтүү

Өстүрүүгө мүмкүн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо аракеттери иштелип чыккан эмес. СССРдин Кызыл китебине (1984) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жаңы өскөн аймактарды аныктоо.

Статусу түзөтүү

EN. Сейрек кездешкен түр. КМШнын территориясындагы Dictyophora тукумунун жападан жалгыз өкүлү. Элдик дарыгерчиликте колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү