Ачка болуу - организмдин тамак жоктугунан же агын жетишсиз өлчөмдө сиңирүусүнөн болгон абалы.

Бул абал организмдин каршылык көрсөтүүсүнө жана нерв системасынын абалына жараша болот. Тамактын эң керектүү бөлүктөрүнүн жоктугуна байланыштуу белоксуз, майсыз, углеводсуз, витаминсиз жана суусуз Ачка болуулар болот. Ачка болуунун толук түрү 3 мезгилден турат: 1-мезгилинде организмдеги ашык белок менен углеводдор азая баштаса, 2-синде алар көп сарп болот, 3-сүндө органдар 60-70% ке кичирейип, салмагы азайып, газ алмашуу, жылуулук иштеп чыгаруу начарлап, дененин температурасы көтөрүлөт.

Суусуз жана минералсыз Ачка болууга жаныбарлар менен адамдар айрыкча чыдамсыз келишет. Денедеги суу 10- 20%, жалпы салмак 30-40% ке аванса, организмдин жашоосу токтолот. Адам карандай суу ичип ачка жүрсө, 40-75 күн чыдайт. Кыска убакытка Ачка болуу айрым жугуштуу жана психикалык оорулар менен ооруган учурда байкалат. Толук эмес Ачка болууну дарылоодо колдонуу байыртадан белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.