Ачы

байыркы (5-10-кк.) кыргыз урууларынын бири

Ачы - байыркы (5-10-кк.) кыргыз урууларынын бири. Энесай кыргыздары татаал этностук жалпылыкты түзүшкөн, мамлекеттин курамына түрдүү тилдик жалпылыктар кирген. Кытай жыл баяндары тарабынан эскерилген, Тибетке расмий сапар менен барган кыргыз элчиси «Ач» уруусу менен бирге эскерилген атактуу «болчар» (большар) уругунан чыккан. 6-9-кк. кыргыздардын этностук курамында бул уруунун болгондугун руникалык жазуу эстеликтери чагылдырат. «...7-9-кк. Кара-Июс дарыясынан Енисейге, Уйбат дарыясынан Койбал чөлүнө чейинки аймактарды кыргыздын «Ач» аттуу уруусу мекендеген». Ошону менен бирге, бул жазуу эстеликтеринде «ач», «болчарлар» менен бирге, кыргыздын «ли» аттуу уруусу да эскерилет. 1924-ж. Уйбаттан табылган байыркы кыргыздарга таандык күмүш идиште: «... алтын..., ач элинин белеги...» деген маалымат бар. Изилдөөчүлөрдүн дээрлиги «...алты он ашагы ачын - ач элинен алтымыш түр тамак» маанисинде окушат; «ач» элин энесай кыргыздарынын бир бутагы деген тыянакка келишкен, айрымдары «ач» элин 7-9-кк. кыргыздардын этностук курамынын өзөгүн түзгөн деген ойду айтышат. Кыргызстандын жана Түштүк Сибирдин топонимиясында Ачы (Көкарт, Базаркоргон өрөөндөрү), Ачинск, Канск-Ачинск (Түштүк Сибир аимагы) деген жер-суу аталыштары сакталып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү