Ачык-Таш свитасы - Кыргыз Ала-Тоосунда кездешүүчү байыркы тоо тек катмарлары.

Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, айрыкча Ачык-Таш өрөөнүндө кеңири тараган. 1959-60-ж. И. Е. Медведева аны өзүнчө геологиялык свита катары бөлүп, Ачык-Таш өрөөнүнүн аты менен атаган. Свита өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецтерден турат. Сланецтердин арасында амфибол гнейстери, доломиттүү мраморлор жана пиритке бай сульфид кабатчалары бар графиттүү сланецтердин катмарлары учурайт. Свита доломиттүү мраморлордон табылган строматолиттердин калдыктарынын негизинде протерозой заманында пайда болгон деп божомолдонот. Свитанын калыңдыгы 1,5-2 миң м. Свитада күкүрт колчеданынын кендери жайгашкандыктан, анын эл чарб. мааниси бар, к. Ачык-Таш кени.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.