Ачык сабак - мугалимдин педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. Ачык сабактын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат жана мектеп директору же анын окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет. Ачык сабак окуу программасындагы татаал же жаңыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. Ачык сабакта педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаңы технологияларын: алдыңкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеңири колдонуу ишке ашырылат. Ачык сабак мектеп практикасында мугалимдер арасында алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. Ачык сабакка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1