Ачык таштар (кол өнөрчүлүктө)

Ачык таштар (кол өнөрчүлүктө) - элдик кол өнөрчүлүктө жээк жип, жүн, кийиз жана тери боёгондо боёкко кошуучу зат. Аны колдонуудан мурда жылуу сууга эритип, ага боёк салынуучу ысык сууну кошуп, чогуу кайнатат. Кайнаган сууга боёк салып, дагы бир жолу кайнатып, боёло турган буюмду (жүн, кийиз, жээк жип) сууга салып, 1,5-2 саатча кайнатуу зарыл. От өчүрүлүп, суу муздаганча буюмдар боёкто калтырылат, ал эмп терини боёгондо муздатып туруп колдонот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1