Ашанттар , ашанти федерациясы - 17-кылымдын аягы - 19-кылымда Алтын Жээк (азыркы Гана) жеринде болгон феодализмдин башталыш тибиндеги мамлекет.

1697-1701-ж. түзүлгөн. Ашанттар көбүнчө дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесип кылган. Алтын жана кул сатып соода кылышкан. Мамлекетти башкы көсөмдөр (ашантихене), областтарды жергиликтүү көсөмдөр (оманхене) башкарган. 1896-ж. Англия-Ашанттардын 7-согушунда Англия Ашанттарды жеңип алып, анын айрым уруулары менен протекторат жөнүндө келишим түзгөн. Ушундан баштап Ашанттар мамлекет болбой калган. 1900-ж. Англия Ашанттардын көтөрүлүшүн басып, анын жерин Алтын Жээк колониясына кошуп жиберген. 1935-ж. Ашанттар федерациясы формалдуу түрдө калыбына келтирилген.

Көз каранды эмес Гана мамлекети түзүлгөндөн кийин, 1957-ж. кабыл алынган конституция боюнча Ашанттарга аймак статуту берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.