Ашбаев Акылбек Абжалович

Ашбаев Акылбек Абжалиевич (1. 3.1956-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Үч-Төбө айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2004), КРнын инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү. КМУну (1978), МГУнун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. ОшТУда илимий кызматкер, кафедра башчы, проректор болуп иштеген. 2006-жылдан ОшТУда департаменттин директору. 80ден ашуун илимий эмгеги жарык көргөн. Бир нече окуу китептин автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1