Ашкабактар тукуму (Cucurbitaceae) - бир же көп жылдык, эки үлүштүү, бир же эки үйлүү өсүмдүктөр.

Гүлдөрү айрым же эки жыныстуу; сары, ак кызгылт. Сабагы түктүү, төшөлүп, жармашып же чырмалып өсөт. Жалбырактары жөнөкөй. Мөмөсү ширелүү, көп уруктуу. Ашкабактар тукуму жылууда жакшы өсөт. Жер бетинде 90 уруусу, 800 түрү белгилүү, негизинен тропикте таралган.

Кыргызстанда 15 түрү кездешет, көпчүлүгү - эгилме. Ашкабактар тукумундагы өсүмдүктөрдүн дээрлик баары чарбачылыкта мааниси чоң. Айрымдары дарылыкка, кооздукка жана тоют катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.