Ашкөк (лат. Petroselinum crispum) - өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун сельдерей уруусундагы эки жылдык чөп. Биринчи жылы жалбырак розеткасы жана тамыры пайда болсо, экинчи жылы гүлдөп урук берет. Мекени Жер Ортолук деңиз жээги. Тамыры ичке, сабагы тик өсөт, бийиктиги 30-150 см. Жалбырагы канат сымал, гүлү сары, топгүлү чатырча. Ашкөктүн 4 түрү бар, анын экөө жалбырактуу жана тамырлуу. Тамак-ашка ашкөктүн тамыры, жалбырагы колдонулат. Жалбырактуусу сортуна жараша жалбырагы буралган тармал же жөнөкөй болот. Ашкөктүн курамында эфир майлары, витаминдер, өзгөчө С витамини көп, тамырында К, Са, Fe, P туздары бар. Ошондуктан жүрөк, бөйрөк ооруларында сууну азайтуу максатында, боор оорусунда, организмдин иммунитетин жогорулатууда колдонулат. Ашкөк бардык зоналарда, айрыкча күнөстүү, топурагы жумшак, күрдүү жерлерде өсөт. Бир гектар жерге тамырлуусунун 2 кг, жалбырактуусунун 8 кг үрөнү себилет. Убагында сугарып, отоо чөптөн арылтып, жумшартуу жана кошумча азык берүү зарыл.

Ашкөк (Petroselinum crispum).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1