Ашыркулова Бузия (12.2.1940-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - коомдук ишмер, райондун ардактуу атуулу (2007).

Жалал-Абад медициналык окуу жайын (1963), Ош мамлекеттик педагогика институтунун (1977) бүткөн. Эмгек жолун 1963-ж. Чаткал участкалык ооруканасында медсестра болуп баштаган.

  • 1969-70-жылдары Чаткал айылдык кеңешинин катчысы,
  • 1970-72-жылдары Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары,
  • 1972-74-жылдары Ош облустук аткаруу комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору,
  • 1974-75-жылдары Чаткал совхозунун жумушчулар комитетинин төрагасы,
  • 1975-80-жылдары Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1980-95-жылдары Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6