Аш-айран - сүт менен дандан жасалган муздак ичилчү суюк тамак. Накта сүттүн үчтөн бирине суу кошуп, ысыган кезде акшак же талкан чалып бышырат. Анын табы кайтып жылымык болуп сууганда, уютку кошуп уютат. Аш-айран ток жана жагымдуу болот. Ал мүнөз тамак катары да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1