Аэродинамикалык күч жана момент

Аэродинамикалык күч жана момент - газ абалындагы чөйрөдө кыймылдоочу нерсеге (мис. самолетко) жасалган аракетти мүнөздөөчү чоңдуктар.

Нерсенин бетине аракет этүүчү басым жана сүрүлүү күчтөрү аэродинамикалык күч деп аталган тең аракет этүүчү RA күчү жана аэродинамикалык момент деп аталган М моменти болгон эки түгөй күчтөр аркылуу көрсөтүлөт. Аэродинамикалык күч агымдын ϑ ылдамдыгынын вектору менен же нерсенин өзү менен байланышкан тик бурчтуу координата системасында түзүүчүлөргө ажырайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү