Аэропоника (аэро... жана гр. ponos- жумуш), аба өсүмдүгү - өсүмдүктөрдү топураксыз же аны алмаштыруучу нерселерди колдонбой өстүрүү.

Өсүмдүктөрдү азык заттар менен камсыз кылуу үчүн тамырына мезгил-мезгили менен (ар бир 10-20 мин) азык зат эритмелерин бүрктурүү жолу менен жүргүзүлөт. Аэропоника ыкмасын 1910-ж. орус окумуштуусу В. М. Арциховский илимий тажрыйба үчүн сунуш кылган. Кийинчерээк А. жашылча жана гүл өстүрүүдө кеңири пайдаланыла баштады. Аэропониканын космостук станцияларда, кораблдердө өсүмдүктөрдү өстүрүүдө өзгөчө мааниси бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.