Аю Гранд Комфорт

Кыргызстандагы соода борбор

«Аю Grand» — Кыргызстандын Бишкек шаарындагы эӊ ири соода борбору, ачылышы 2016-жылы 20-февралда болгон[1].

Аю Grand
Жайгашкан жери

Кыргызстан Бишкек, Кыргызстан

Дареги

Чолпон-Ата көч. 2

Ачылган күнү

20-февраль 2016

Ээси

«Аю Гранд»

Жалпы аянты

55 000 ч/ы. м (Кыргызстандагы эң ири соода борбору)

Ижарага берилген аянты

40 000 (соода) 3 500 (кеңсе) 8 000 (сактоочу жай) 500 (банк) 1 500 (кафе) [1]

Унаа токтотуучу жайы

2500 орундуу[1]

Веб-сайты

grandcomfort.kg
gc.kg  (орусча)

Соода борборунун жалпы аянты 55 000 чарчы метр, (анын ичинде 40 000 чарчы метри соода-сатык үчүн, 3 500 чарчы метри кеңселер үчүн, 8 000 чарчы метри сактоочу жайлар үчүн, 500 чарчы метри банктар үчүн, 1 500 чарчы метри кафелер үчүн бөлүнгөн) . Унаа токтотуучу жайы 2500 орун.

Тарыхы

түзөтүү

Мурда соода борбордун ордунда, металл кесүүчү аспаптарды чыгаруу боюнча адистештирилген советтик «Завод сверл» ишканасы иштеген. Бул Борбор Азиядагы, мындай профилдеги жападан жалгыз ишкана болгон. СССР тарагандан кийин заводдун иши начарлап, сатуу болбой. Андан кийин завод өз ишин 1994-жылы токтоткон[2].

2013-жылы «АЮ Спорт» компаниясы «Завод сверл» заводдун сатып алып, аны соода борборуна айландыра баштаган[2].

Имаратты реконструкциялоо бир канча жылга созулган, Соода комплекси эки этап менен курулган. Биринчи этап 3 жыл, экинчиси 2 жыл.

Өрт кырсыгы

түзөтүү

Булактар

түзөтүү