Аяз кучагы - Анимацияланган тасманын оригиналдуу саундтреги (Frozen: Original Motion Picture Soundtrack) - 2013-жылы экранга чыккан Disney компанияга таандык болгон "Аяз кучагы" (англ. Frozen) анимацияланган тасмасынын саундтреги. Саундтректердин ичине Кристен Андерсон-Лопез менен Роберт Лопез жазган 10 ыр жана Кристоф Бек жазган 22 композиция кирет. Саундтректердин тизмесине ошондой эле сынчылардын тарабынан жогору бааланган жана тасмадагы версиясын Идина Мензел аткарган, сингл версиясын Деми Ловато аткарган "Кое бер" (англ. "Let It Go") ыры да кирет, бул ыр Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты түп нуска ыр" номинациясынын жеңүүчүсү болгон, ошондой эле ал "Грэмми" сыйлыгынын "Мультфильмге жаздырылган эң мыкты ыр" номинациясына жана Critics' Choice Award сыйлыгынын "Эң мыкты ыр" номинациясына ээ болгон, ал эми "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты түп нуска ыр" номинациясынын талапкери болгон.

Саундтректин эки чыгарылышы 2013-жылдын 25-ноябрында Walt Disney Records аркылуу чыккан: бир дискти камтыган кадимки чыгарылыш жана ырдын оригиналдуу көрсөтмөлүү үндү жаздыруу версияларын жана бир канча копозицияларды, алар менен кошо чыгарылбаган үн жаздырууларды жана музыкалык аспатар версияларын камтыган эки дисктен турган атайын чыгарылыш. 2013-жылдын 21-октябрында саундтректердин негизги ыры - Деми Ловато аткарган "Кое бер" кавер-версиясы жаздырылып чыккан. Кийин чыккан жаздыруулар "Кое бер" ырдын башка тилдерге которулган версиялары болгон.

Альбом Billboard 200 чартында 18-орунду ээлеген. Саундтрек Billboard албомдор чартында 13 апта бою эң жогорку орундарда жайгашкан, ал эми 2015-жылдын апрель айынын статистикасы боюнча АКШда саундтректин 4 миллион копиясы сатылган. Recording Industry Association of America ассоциациясы альбомго үч ак алтын тастыктамасын ыйгарганы менен ал ушундай жетишкендиктерге жеткен төртүнчү саундтрек альбому болуп Billboard чартында биринчи орунга ээ болгон.

Тарыхы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү