Аялдардын ден соолугу — Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “оорулардын жоктугу гана эмес, физикалык, психикалык жана социалдык жыргалчылык” болуп аныкталган элдин ден соолугунун бир бөлүгү болуп саналат. Акыркы убактарда “аялдардын репродуктивдик ден соолугу” деп гана карабай, буга кененирээк аныктама берип, “аялдардын ден соолугу” деп белгилөө керек деп айтылып келет.

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө аялдардын жашоо узактыгындагы гендердик ажырымды кыскартып, азыр эркектерге караганда узак жашашса да, ден соолуктун көп тармактарында алар эртерээк жана начар натыйжаларга алып келген оор ооруларга дуушар болушат. Гендер ден соолуктун маанилүү социалдык детерминанты бойдон калууда, анткени аялдардын ден соолугуна алардын биологиясы эле эмес, ошондой эле жакырчылык, жумуш жана үй-бүлөлүк жоопкерчилик сыяктуу шарттар да таасир этет. Аялдар көптөн бери эле социалдык жана экономикалык күч сыяктуу көп жагынан начарыраак абалда болушкан. Бул алардын жашоонун зарыл болгон муктаждыктарына, анын ичинде саламаттыкты сактоого жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеген.

Аныктоо түзөтүү

Аялдардын ден соолугунун абалы эркектердикине караганда биологиялык, социалдык жана өзүн алып жүрүү шарттары менен айырмаланат.

Аялдардын ден соолугуна байланыштуу көптөгөн маселелер алардын репродуктивдүү ден соолугуна, анын ичинде эне-баланын ден соолугуна, жыныс органдарынын, эмчектин саламаттыгына жана эндокриндик (гормондук) ден-соолукка, анын ичинде айыз, төрөттү көзөмөлдөө жана менопаузага байланыштуу болсо да, ден соолуктун башка аспектилерин камтыган аялдардын ден соолугун кеңири түшүнүү сунушталат.[1] ДСУ репродуктивдик ден соолукка ашыкча басым жасоо бардык аялдардын сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыздоо үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат деп эсептейт.[2]

Жашоонун узактыгы түзөтүү

Учурда аялдардын жашоосу эркектердикине караганда узагыраак жана алар расасына жана географиялык аймагына карабай өлүм көрсөткүчүнүн төмөнүрөөк деңгээлине ээ. Бирок тарыхка кайрылсак аялдарда өлүм көрсөткүчү жогору  болгон, негизинен, төрөт учурундагы өлүм көп катталган. Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө гендердик айырмачылык кыскарган жана өнөр жай революциясынан кийин жоюлган.[3] Мындай айырмачылыктарга карабастан, ден соолуктун көптөгөн тармактарында аялдар эрте жана оор ооруларга дуушар болушат жана натыйжалары начарыраак болот.[4] Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы аялдардын жашоо узактыгынын негизги айырмачылыктары төрөт жылдарында болот. Эгерде аял бул мезгилде аман калса, анда эки аймактын ортосундагы айырмачылыктар азыраак байкалат. Репродуктивдик жаш курагынан кийин дүйнө жүзү боюнча аялдардын өлүмүнүн негизги себептери жугуштуу эмес оорулар: улгайган аялдардын өлүмүнүн 45% жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт, андан кийин рак (15%) жана өпкө оорулары (10%). Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ресурстарына кошумча жүктөрдү жаратат. Жашоо образын өзгөртүү, анын ичинде тамактануу, физикалык активдүүлүк жана аялдардын денесинин чоңураак болушуна шарт түзгөн маданий факторлор бул өлкөлөрдө аялдардын арасында семирүү жана кант диабети менен байланышкан көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө жана жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка жугуштуу эмес оорулардын тобокелдигин жогорулатууга салым кошууда.[5][6]

Биологиялык факторлор түзөтүү

Аялдардын жана эркектердин ден соолугуна өзгөчө таасир этүүчү факторлор репродукцияга байланыштуу факторлордо айкын, бирок жыныстык айырмачылыктар молекулярдык масштабдан жүрүм-турумдук масштабга чейин болгону аныкталган. Тубаса биологиялык факторлордун ден соолукка тийгизген таасирин алар жашаган айлана-чөйрөнүн таасиринен ажыратып алуу кыйын болгондуктан бул айырмачылыктардын айрымдары тымызын жана түшүндүрүү кыйын.

Аялдар жана эркектер хромосомдук, белоктук продукт, гендик импринтинг жана гормоналдык түзүлүшү боюнча айырмаланат. Мунун баары биомаркерлерден алынган маалыматты бир жыныстан экинчисине экстраполяциялоодо этияттыкты талап кылат.[7] Аялдар жашоонун эки четинде өзгөчө аялуу. Жаш аялдар жана өспүрүмдөр жыныстык жол менен жугуучу ооруларга (ЖЖЖО), өспүрүмдүк кош бойлуулук жана кооптуу аборт коркунучуна дуушар болушат. Ал эми улгайган аялдар көбүнчө эркектерге салыштырмалуу аз каражатка ээ болушат, ошондой эле деменция, зордук-зомбулук, жана ошондон улам ден соолугунун начарлашы коркунучу бар.[8]

Социалдык жана маданий факторлор түзөтүү

Аялдардын ден соолугуна алардын биологиясы таасир эткени менен, жакырчылык, жумуш жана үй-бүлөлүк жоопкерчилик сыяктуу социалдык шарттар да таасир этет жана бул аспектилерди көңүл алдынан чыгарбоо керек.[9][10] Аялдар адатта экономикалык жана социалдык статус жана бийлик жагынан начарыраак абалда болушат, бул өз кезегинде алардын жашоого керектүү нерселерге, анын ичинде саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүгүн азайтат.

Жүрүм-турумдагы айырмачылыктар да роль ойнойт. Аялдар тамеки, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды азыраак колдонгондуктан, өпкө рагы, кургак учук жана цирроз сыяктуу оорулардан өлүм коркунучу азаят. Аялдар үчүн азыраак болгон башка тобокелдик факторлоруна автотранспорт кырсыктары кирет. Кесиптик айырмачылыктар аялдарды азыраак өндүрүштүк жаракаттарга дуушар кылат. Бирок бул тенденция, согушта жаракат алуу же өлүм коркунучу менен кошо, өзгөрүшү мүмкүн. Аялдардын өз жанын кыюунун көрсөткүчтөрү да азыраак. ДСУ маалыматына ылайык Кыргызстанда 2020-жылы суицид эркектер арасындагы өлүм себептеринин арасынан 10 орунда турса, аялдарда биринчи ондукка кирген жок.[11]

Репродуктивдик жана сексуалдык ден соолук түзөтүү

Аялдар репродуктивдик жана сексуалдык жашоого байланыштуу көптөгөн ден соолук маселелерин баштан кечиришет жана булар аялдардын репродуктивдик жаш курагында (15–44 жаш) башынан өткөргөн бардык ден соолук көйгөйлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнө жооптуу. Кооптуу секс, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө негизги тобокелдик фактору болуп саналат.[8]

Репродуктивдик ден соолук тукум уулоо, кош бойлуулук, төрөт жана баланы тарбиялоо менен алектенген структуралардын жана системалардын ден соолугун жана функцияларын камтыган маселелердин кеңири спектрин камтыйт.

Эненин ден соолугу түзөтүү

Кош бойлуулук дүйнө жүзү боюнча, акушердик илим менен практикадагы жетишкендиктерге карабастан, ден-соолукка олуттуу коркунуч келтирет.[12] Энелердин өлүмү глобалдык ден соолуктун негизги көйгөйү бойдон калууда жана саламаттыкты сактоо системасынын сапатын баалоодо контролдук фактор болуп эсептелет. Өспүрүм курактагы кош бойлуулук, пландалган болобу же пландалбаган болобу, өзгөчө кыйынчылыктарды жаратат. Кош бойлуулук кыздын жашоосунда физикалык, эмоционалдык, социалдык жана экономикалык жактан чоң өзгөрүүлөргө алып келет жана анын чоңоюшуна коркунуч туудурат. Өспүрүм курактагы кош бойлуулук көбүнчө кыздын тандоонун жоктугунан жана зордук-зомбулуктан келип чыгат.

Энелик өлүм түзөтүү

2013-жылы дүйнөдө болжол менен күнүнө 800 аял кош бойлуулукка байланыштуу себептерден улам каза болгон.[13] Энелик өлүм эң жогорку көрсөткүч Сахарадан түштүгүндөгү Африкада жана Түштүк Азияда. [13] Бул өлүмдөр сейрек изилденет, бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул өлүмдөрдүн 99%ын, алардын көпчүлүгү төрөттөн кийин 24 сааттын ичинде келип чыгат, эгерде тийиштүү инфраструктура, окутуу жана жабдыктар бар болсо, алдын алууга болот деп эсептейт.[13] Бул энелердин өлүмүнүн түздөн-түз себептери болуп кан агуулар, эклампсия, тоскоолдуктар, сепсис жана квалификациясыз бойдон алдыруу саналат. 2003–2009-жылдары кан агуу энелик өлүмдүн негизги себеби болгон, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өлүмдөрдүн 27% жана өнүккөн өлкөлөрдө 16% түзгөн.[14]

Кыргызстанда энелик өлүм себептерин изилдөө төөттөн улам көз жумган аялдардын көпчүлүк бөлүгү никеде тургандыгын, алардын үч бөлүгү (51 аял же 34,5%) тигил же бул үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү башынан өткөрүп жүрүшкөнүн, жана эң маанилүүсү күйөөсү тараптан зомбулуктун болушу болгон.[15]

Айыз түзөтүү

Айыз (менструация — этек кир) - аялдын организминин менструалдык циклинин бөлүгү. Менструацияда эндометриянын катмары сыйрылып, кан кетүү менен коштолот. Кан кетүүнүн биринчи күнүнөн тартып менструалдык цикл эсептеле баштайт. Менструалдык кан уюбайт жана кан тамырларда аккан канга салыштырмалуу кочкул кызыл өңгө ээ. Бул анда ферменттердин тобу бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Менструация кош бойлуу кезде жана бала эмизген кезде келбейт.  Менструация келер алдында жана келген убагында аял физикалык ыңгайсыздыкты сезет. Мисалы, жини келүү, уйку келүү, чарчоо, пульстун көбүрөөк кагышы.

Айыздык циклдер түзөтүү

Аялдарда менструация орто эсеп менен 21-35 күн сайын келип 3-7 күн созулат. Жыныстык жактан жетилгенге чейин, кош бойлуу учурда, төрөттөн кийин, менопаузда менструация келбейт. Төрөттөн кийинки кан, былжыр жана жатын ткандарын камтыган лохии деп аталган бөлүп чыгуулар бир нече аптага созулат. Эмчек эмизүү кезинде менструация келбей “эмчек эмизүү аменореясы” деп аталат. Дарыгерлердин айтымында, эмчек эмизүүдө бойго түшүү мүмкүн, ошого контрацепция колдонуу сунушталат.

Стигма түзөтүү

Непалда ушул кезге чейин менструациясы келип жаткан аялды, кызды адамдардан өзүнчө бөлүп коюу адаты жашап келет. Аны атайын алачыкка алып барып коюшат, андан менструациясы токтомоюнча чыгышпайт. Бул ритуал “чхаупади” деп аталат жана буга мыйзамдуу түрдө 2005-жылы тыюу салынган.

1946-жылы Уолт Дисней студиясы “Менструациянын тарыхы” деген мультипликациялык фильм тарткан. Ал “вагина” сөзү колдонулган тарыхтагы эң биринчи фильм болгон. Азыркыга чейин жарнамаларда менструация деген сөздү колдонуу уят сезилип, аны “бул” же “кооптуу күндөр” деп аташат.

Гигиеналык каражаттардын (прокладка) жана тампондордун ойлонуп табылышы жана феминисттик кыймылдын өнүгүшү менен коомчулук ай сайын кан келүү - бул калыптагы жана табигый нерсе экендигин билген.

Акыркы жылдары менструация темасы көлөкөдөн чыгып, 2017-жылы гигиеналык каражаттардын жарнамасында канды кызыл кылып көрсөтүшкөн, ал эми супермаркеттердин бөлүмүнөн өзүнүн өнөктөшүнө бул уят же жагымсыз нерсе дебей, гигиеналык каражатты же тампонду сатып алып жаткан эркектерди көрүүгө мүмкүн болгон.

Бирок маселе эмдигиче чечиле элек. ЮНИСЕФтин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында куру дегенде дүйнөдө 500 миллион кыз жана аял  менструация учурунда гигиенаны сактоо үчүн тиешелүү шартка ээ эмес экендиги айтылган.[16]

Кыргызстанда кыздар айыз учурунда гигиеналык процедураларын ишке ашыруу үчүн шарттар ыңгайсыз болгону үчүн окууну калтырышат. Мектептердин көбүндө, айрыкча айыл мектептеринде дааратканалар короодо жайгашкан, жылуу суусу жок жана гигиеналык каражаттарды алмаштырууга шарттар жок. Кышында суук болгондуктан муз менен капталып, тайгалак болуп калат.

Ала гигиенасы түзөтүү

Жыныстык органдардын гигиенасын сактабоо аялдарда, кыздарда, уретрит, цистит, кольпит, бартолинит, кандидоз ооруларына алып келиши мүмкүн. Кыздар жана аялдар күн сайын сырткы жыныстык органдарын жылуу суу менен жуушу зарыл. Жууганда көтөн чучуктан инфекция (ичеги таякчалары) жыныс кынынын оозуна (вульва) жана жыныс кынына (вагина) кирип кетпеши үчүн алдыдан арткы көздөй жуу керек. Жууганда самынды көп колдонуунун кереги жок, ал жыныс кынынын кире беришинин (вульва) былжырынын кургашына жеткирип, жыныс кынынын нормалдуу микрофлорасын бузат. Жуунууга суу жок кезде нымдуу гигиеналык салфетканы колдонуу керек. Менструация кезинде, талапка ылайык, жеке гигиена каражаттары (прокладка, гинекологиялык тампон, менструалдык чаша) колдонулат.

Анемия түзөтүү

Анемия аялдардын ден соолугунун негизги глобалдык көйгөйү болуп саналат.[17] Аялдар эркектерге караганда анемиядан көбүрөөк жабыркайт: аялдардын 30%, жана кош бойлуу аялдардын 42%. Анемиянын кош бойлуулукка тобокелдик келтириши жана когнитивдик функциялардын бузулушу (концентрациянын жана көңүл буруунун төмөндөшү) сыяктуу бир катар терс натыйжалары бар.[18]

Анемиянын негизги себеби - темирдин жетишсиздиги. Дүйнөдө аялдардын темир жетишсиздик анемиясынан кош бойлуу аялдардын 80% жабыркайт. Темир жетишсиздик анемиясы өспүрүм куракта, айыздагы кан жоготуулардан башталып, чоңойуудагы керектелген темирге болгон суроо-талаптын өсүшү жана тамак-ашты оптималдуу эмес колдонуу менен күчөйт. Бойго жеткен аялдарда темирдин азайышыныны себептеринен бири - кош бойлуулук.[3]

Кан жетишсиздигинин алгачкы жана даана билинерлик белгилери: теринин жана былжырдын бозорушу,  чачтын кургап жана сынып түшүшү, тырмактын катмарланышы жана сынып башташы, шалдыроо, алсыздык.  Адаттан тыш кээ бир жыттарга жана азыктарга тартылуу келип чыгат.

Кандагы гемоглобиндин өлчөмү түзөтүү

Күнүмдүк рациондогу тамак-аштар жалпысынан аз дегенде 25 миллиграмм темирди камтышы зарыл.  Кош бойлууларда бул көрсөткүч 30 миллиграммдан аз эмес болушу керек. Кандагы гемоглобиндин нормасы аялдар үчүн литрине 120 грамм.[19]

Анемияда төрөт аралык убакыт түзөтүү

Төрөттүн аралыгы организм калыпка келиши үчүн 3 жылдан кем болбошу керек. Жыл сайын тргн эне түйүлдүккө берген 1 грамм темирдин ордун толтура албайт. Улам-улам төрөттөн аялдарда анемия жаралып, жыйынтыгында алсыз, оорулуу балдар төрөлөт. Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт.[20] Анемия Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн негизи 3 себептин бири болуп саналат.

Колдонулган маалымат булактары:. түзөтүү

  1. MacEachron, Allison (2014). "Women's Health in the Post – 2015 World: Ensuring No One is Left Behind" (англ.). BCUN News. Business Council for the United Nations.
  2. ДСУ. Аялдардын ден соолугу. (англ.). https://www.who.int/health-topics/women-s-health/ Текшерилген күн: бугу айынын 23, 2022.
  3. 3.0 3.1 Gronowski, Ann M.; Schindler, Emily I. (2014). "Women's Health". Scand J Clin Lab Invest Suppl. 244: 2–7. doi:10.3109/00365513.2014.936672. PMID 25083885. S2CID 46673330.
  4. Young, Ian S. (2014). "Foreword". Scandinavian Journal of Clinical and Laboratory Investigation. 74: 1. doi:10.3109/00365513.2014.936671. PMID 25083884. S2CID 42459769.
  5. Nour, Nawal M. (2014). "Global women's health – A global perspective". Scandinavian Journal of Clinical and Laboratory Investigation. 74: 8–12. doi:10.3109/00365513.2014.936673. PMID 25083886. S2CID 207421495.
  6. Stevens, Gretchen A; Mathers, Colin D; Beard, John R (1 September 2013). "Global mortality trends and patterns in older women". (англ.). Bulletin of the World Health Organization. 91 (9): 630–639. doi:10.2471/BLT.12.109710. PMC 3790210. PMID 24101779.
  7. Gronowski, Ann M.; Schindler, Emily I. Women's Health (англ.) // Scand J Clin Lab Invest Suppl. — 2014. — Т. 244. — С. 2—7. — doi:10.3109/00365513.2014.936672. — PMID 25083885.
  8. 8.0 8.1 WHO (ДСУ). Bustreo, Flavia Ten top issues for women's health. Promoting health through the life-course. (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 23, 2022.
  9. Marshall, Nancy L. (2013). Employment and women's health. (англ.). бет. 46–63.
  10. Marshall, N. L.; Tracy, A. J. (2009). "After the Baby: Work-Family Conflict and Working Mothers' Psychological Health". (англ.). Family Relations. 58 (4): 380–391. doi:10.1111/j.1741-3729.2009.00560.x
  11. WHO. Cause-specific mortality, 2000–2019https://www.who.int/data/gho/data/themes/mortality-and-global-health-estimates/ghe-leading-causes-of-death
  12. Reproductive Health. (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 23, 2022.
  13. 13.0 13.1 13.2 UN (2015). Millennium Development Goal 5: Improve maternal health (англ.). New York: United Nations.
  14. Say, Lale; Chou, Doris; Gemmill, Alison; Tunçalp, Özge; Moller, Ann-Beth; Daniels, Jane; Gülmezoglu, A Metin; Temmerman, Marleen; Alkema, Leontine (June 2014). "Global causes of maternal death: a WHO systematic analysis". The Lancet Global Health. 2 (6): e323–e333. doi:10.1016/S2214-109X(14)70227-X.
  15. КР Саламаттыкты сактоо министирлиги. Кыргызстандын энелерининөмүрү. Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүм учурларын купуя иликтөө боюнча 2014-2015-ж., экинчи отчету.
  16. 30 мая 2020. 30 мая 2020. История стигматизации менструации: почему тема женской крови тысячелетия была табуирована https://mayak.org.ua/news/istorija-stigmatizacii-menstruacii-pochemu-tema-zhenskoj-krovi-tysjacheletija-byla-tabuirovana/
  17. Friedman, Arnold J.; Chen, Zhao; Ford, Patricia; Johnson, Cynda Ann; Lopez, Ana Maria; Shander, Aryeh; Waters, Jonathan H.; van Wyck, David (December 2012). "Iron Deficiency Anemia in Women Across the Life Span". (англ.). Journal of Women's Health. 21 (12): 1282–1289. doi:10.1089/jwh.2012.3713. PMID 23210492.
  18. Murray-Kolb, LE; Beard, JL (March 2007). "Iron treatment normalizes cognitive functioning in young women". (англ.). American Journal of Clinical Nutrition. 85 (3): 778–87. doi:10.1093/ajcn/85.3.778. PMID 17344500.
  19. "Дефицит железа железно влияет на здоровье кыргызстанцев, особенно женщин" https://www.for.kg/news-735496-ru.html
  20. Аз кандуулук - улут дарты/ 2016/ Азаттык.  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_pregnant_health_anemia/28106039.html