Аялдар жана айлана-чөйрө

1960-жылдардын башында аялдарга жана аялдардын айлана-чөйрө менен болгон мамилесине кызыгуу Эстер Босеруптун "Аялдардын экономиканын өнүгүүсүндөгү ролу" аталышындагы китебинен кийин пайда болду[1].

Көпчүлүк коомчулуктарда тамактануу, балдарды багуу жана үй чарбасын башкаруу үчүн негизги жоопкерчилик аялдарга жүктөлөт[2]. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдар дыйкан, мал багуучу, суу жана отун жыйноочу ж.б. ролду ойношот. 1980-жылдан баштап аялдардын өзгөчө ролун белгилөө менен жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү башкарууда өгзөрүүлөр киргизиле баштаган[3]. 1991-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын берген маалыматында "аялдар жаратылыш ресурстарын башкарууда негизги роль ойношот, анын ичинде топурак, суу, токой жана энергияда[3]. Аялдар көбүнчө аларды  курчап турган жаратылыш дүйнөсү жөнүндө да терең билимге ээ" деп белгиленет. Гендер менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы байланыш аялдар менен эркектердин табиятын түшүнүүдө олуттуу таасирин тийгизет. Буларга ресурстарды башкаруу жана бөлүштүрүү милдеттери, ошондой эле күнүмдүк жашоодогу элдин жыргалчылыгы кирет[4].

Аялдар, айлана-чөйрө жана өнүгүү жөнүндө дебаттар

түзөтүү

Туруктуу өнүгүү "муундар ортосундагы теңчиликти орнотуунун" жана "калыбына келтирилбеген ресурстарды сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык муктаждыктарды" эске алуунун жана индустриялаштыруудан келип чыккан калдыктардын көлөмүн азайтуунун жолу катары аныкталат[5]. Аялдарга карата пайда болгон биринчи дискурс “Өнүгүүдөгү аялдар” болгон, бул перспектива өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдардын абалын жакшыртууну жактаган, андан кийин “Аялдар, айлана-чөйрө жана өнүгүү” болуп өзгөргөн[6].

WIDге болгон сындар анын батыштын кеңири көз карашындагы ордун камтып, дүйнөлүк аялдардын калкын колдоого туура келбеген колониялык жана либералдык дискурсту уланткан. WID аялдарды үй чарбаларында, айылдарда жана базар экономикасында борбордук актёрлор катары жайгаштырган жана ушундан улам келип чыккан маселелерди чечүү үчүн батыштын өнүгүүсүнүн иерархиялык институтуна кайрылган[3].

1970-жылдардын башында адамдар өнүгүүнүн булагын сындап, дүйнөлүк коомчулук жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, аялдар жана айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү жолдорун издей башташты. Бул “Аялдар, айлана-чөйрө, өнүгүү” (WED) катары аныкталган. WED дискурсу ар кандай идеологиялардын синтезинин айланасында борборлоштурулган, алардын бири экофеминизм[7]. Экофеминизм WED үчүн түпкү идеология катары каралышы мүмкүн жана анда аялдар табият менен биологиялык байланыш катары каралат. Бул аялдарга жаратылыш менен терең (олуттуу, deep) байланыш курууга жана аны башкарууга мүмкүндүк берет. Бул идеология саясий чөйрөгө айланган, анда ал аялдардын глобалдык системалары аркылуу жаратылыш менен социалдык жактан курулган байланышы бар жаңы формага ээ болгон[7].

1990-жылдары WED дискурсунун негизинде башталган программалар Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын өнүгүүсү боюнча Эл аралык изилдөө институту (INSTRAW) тарабынан жүргүзүлгөн. Бул программалар таштандыларды жок кылуу, пестициддерди колдонууну ядердик сыноо жана башка экологиялык зыяндуу практикалар сыяктуу экологиялык жана гендердик зомбулуктун ортосундагы байланышка жооп болгон[8].

Бул программалардын көбүнүн жыйынтыгы аялдарга пландалгандай таасир берген жок. WED дискурсу аялдарга экологиялык маселелерди чечүүчү катары басым жасады, бирок саясаттар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталбай, айыл чарбасы сыяктуу аялдар көп тартылган тармактарга багытталган[9]. WED дискурсу аркылуу аялдардын ролун жана айлана-чөйрөнү саясатташтыруунун жал[7]пы таасири ийгиликке жетүү үчүн тийиштүү ресурстарды же мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылбастан, аялдардын эмгегин менчиктеп алды.

Айыл чарба

түзөтүү

Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө аялдар айыл чарба жумуштарына жана ага байланыштуу болгон үйдө өндүрүлгөн азык-түлүк өндүрүшүнө жооптуу[10]. Айыл чарба иштеринде аялдардын саны өсүп, алардын катышуусу кеңейүүдө, бирок бул репродуктивдүү эмгекке карата эмгектин гендердик бөлүнүшүн өзгөрткөн жок[11].

Планетанын биологиялык байлыгынын көбү табылган өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү аялдардын 90%ы жашоосу өз жеринен көз каранды. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө үй чарбаларынын 30%ын аялдар башкарат, Сахаранын түштүгүндөгү Африкада тамак-аш өндүрүшүнүн 80%ы, Азияда 60%ы жана Латын Америкасында 50%ы аялдар тарабынан жүргүзүлөт[12]. Айыл чарба иштерине негизинен аялдар жооптуу болгонуна карабастан, эркектер көбүнчө жерге ээлик кылышат, ошондуктан аялдардын жердеги эмгегин көзөмөлдөйт[13].

Кыргызстанда 65% эл айыл жергесинде жашайт (Бүткүл дүйнөлүк банктын индикатору 2010). Айыл жергесинде жашаган аялдардын  жумушсуздугу эркектердикине салыштырмалуу көбүрөөк. Маяна алууда дагы аялдардын акысы эркектердикине караганда төмөнүрөөк. Коомдук иштерге аялдардын  аралашуусу жана эркектердей эле тең укукту чечим чыгаруусу өтө аз кездешет. Бүгүнкү күндө айыл жергесинде жашаган аялдардын 6%ы гана жайыт бөлүштүрүү комитетинин мүчөсү, 18%ы суу ресурстарынын колдонуу ассоциациясынын мүчөсү, 13,6%ы муниципалдык кеңешмелердин мүчөсү, 6,65%ы жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында[булак?]. Айыл жергесинде жашаган аялдар убактысынын көбүн үйдө балдарды карап жана үйдөгү чарба жумуштарын жасоо менен өткөрөт. Ошол эле убакта алардын жаратылыш жана экономикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү чектелген, ошондой эле аялдарда жер тилкесине же кандайдыр бир мүлккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мисалы, айыл чарбасында иштетилүүчү  машиналарга же бодо малдарга. Аялдар айыл чарба жумуштарын аткарууда негизги күч катары саналып, ага карабастан алардын экономикага жана үй тиричилигине кошкон салымы көмүскөдө калууда[булак?].

Жерге ээлик кылуу

түзөтүү

Дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жерге ээлик кылууда чоң теңсиздик бар[14]. Салттуу практикалар жана бюрократиялык факторлор аялдардын жаратылыш ресурстарын иштетүүгө жана башкарууга жетүүсүнө тоскоол кылат[13]. Көп учурларда аялдар жерди багышат бирок жерге жана/же мүлккө ээ болушпайт. Бина Агарвал, Үчүнчү Дүйнө өлкөлөрүндөгү гендердик жана жер укуктары жөнүндө көп жазган жана анын айтымында, “эмгектин гендердик жана таптык бөлүнүшү, мүлк менен бийликтин бөлүштүрүлүшү бар болгондуктан гендердик жана класстык түзүлүштө адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара мамилеси түзүлөт, ошону менен адамдардын айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө тийгизген таасирин жана реакциясын түзүшөт”[10]. Аялдардын жаратылыш ресурстарын башкарууга, жерге ээлик кылууга жана менчикти башкарууга жетүүсү өнүгүп келе жаткан маселе жана экологиялык чөйрөдө да, аялдардын укуктарын коргоо кыймылында да үзгүлтүксүз талкуулардын предмети болуп саналат[12].

Булактар

түзөтүү
  1. Tiondi, Evaline, "Women, Environment and Development: Sub-Saharan Africa and Latin America" (2000). Graduate Theses and Dissertations. https://scholarcommons.usf.edu/etd/1549
  2. IOSR Journal of Humanities And Social Science (IOSR-JHSS) (англ.). Volume 26, Issue 7, Series 2 (July. 2021) 45-49 e-ISSN: 2279-0837, p-ISSN: 2279-0845. www.iosrjournals.org
  3. 3.0 3.1 3.2 Environmental policy and Gender Issues from BRIDGE Report No. 30: Gender and Poverty, S. Baden with K. Milward, commissioned by SIDA, January 1995. https://www.gdrc.org/gender/gender-and-envi.html
  4. Environment and Planning D: Society and Space 2011, volume 29, pages 237–253 https://journals.sagepub.com/doi/pdf/10.1068/d16810
  5. Harcourt, Wendy (1994). Feminist Perspectives on Sustainable Development. International Society for Development.
  6. Beneria, Lourdes (2016). Gender, Development and Globalization: Economics as if all people mattered. New York: Routledge. pp. 1–6. ISBN 978-0415537490.
  7. 7.0 7.1 7.2 Leach, Melissa (January 31, 2007). ". Earth Mother Myths and Other Ecofeminist Fables: How a Strategic Notion Rose and Fell". Development and Change. 38 (1): 67–85. doi:10.1111/j.1467-7660.2007.00403.x.
  8. Braidotti, Rosi (1994). Women, the Environment, and Sustainable Development. Zed Books in association with INSTRAW.
  9. "Missing Women in Agriculture Reforms". Economic and Political Weekly. February 23, 2002.
  10. 10.0 10.1 Agarwal, Bina. (1992). The Gender and Environment Debate: Lessons from India. Feminist Studies. 18. 10.2307/3178217.
  11. Lastarria-Cornhiel, S. (2006). Feminization of Agriculture: Trends and Driving Forces. Santiago: RIMISP.
  12. 12.0 12.1 Schultz, Irmgard & Hummel, Diana & Empacher, Claudia & Kluge, Thomas & Lux, Alexandra & Schramm, Engelbert & Schubert, Stephanie & Stieß, Immanuel & Hayn, Doris & Ladewig, Johannes & Stiebig, Karim. (2001). Research on gender, the environment and sustainable development. Studies on gender impact assessment of the programmes of the fifth framework programme for research, technological development and demonstration.
  13. 13.0 13.1 Tiondi, T. (2001). Women, environment and development: Sub-Saharan Africa and Latin America (Theses and Dissertations). Paper 1549.
  14. Agarwal, B. (1998). "Disinherited peasants, disadvantaged workers: a gender perspective on land and livelihood". Economic and Political Weekly. 33 (13 (Mar. 26 – Apr. 3, 1998)): A2–A14. JSTOR 4406578