Аңги суу – нуктан тышкары же нукка батпай ташкындап аккан суу.

Кара нөшөрдөн пайда болуп, кургак сайларда, кокту-колоттордо убактылуу аккан суу. Эгин аянттарына зыян келтирүүчү ирээтсиз сугатта кароосуз коё берилген суу. Тоң районунда Аңгисай деген суу бар. Ал мезгил-мезгили менен жазгы жана күзгү жамгырга байланыштуу ташкындап турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2