Аңыз - эгини орулуп-жыйналып алынган жер. Анда чабылган эгиндин маясы жана вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери жана айыл чарба өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары менен аңыз кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу жана башка менен) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин аңыз айдалбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1