Аcтpогpaф (астро... жана гр. grapho - жазамын) — асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астрологиялык аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү - фотопластинкага түшкөн жарык күчү менен сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри жана фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер жана жасалма жандоочторду тартуучу аcтpогpaфтын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астрологиялык өлчөөлөрдү жүргүзүүчү аcтpогpaфтыкы 10-15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки аcтpогpaф менен жабдылган.

Аcтpогpaф.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1