Apкa (Лейлек району) - Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңыжер айыл өкмөтүнө караштуу. «Кайраккум» суу сактагычынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 80 км түндүк тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темиржол бекетинен 20 км. 1955-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 405 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2998 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Settlement-stub