Аpeт Аулис Якобович (1907-1974) - педагог. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Эстонияда гимназияны, Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. Өзүн-өзү тарбиялоо теориясын ачкан жана жогорку окуу жайларында, илимий-педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу боюнча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү менен өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү жана башкаруу жана башка түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү