БУУ байкоочулары - Дүйнөдөгү кризиске дуушар болгон коогалаңдуу аймактарга БУУнун чечими менен жөнөтүлгөн аскер күчтөрү менен жарандык адистерден турган уюм.

Бул аскер күчтөрү менен адистер БУУга мүчө өлкөлөрдөн жөнөтүлөт. Бул байкоочу топ коогалаңдуу аймактагы абалды көзөмөлдөйт, касташкан тараптар кол койгон ок атууну токтотуу жолу менен түзүлгөн келишимдердин ишке ашуусун көзөмөлдөйт жана бул тууралуу отчетторду даярдашат, касташкан эки тарапка жарашуу жолдорун жана түрдүү сунуштарды киргизишет. Мисалы: Пакистан менен Индиянын ортосунда Кашмир аймагы үчүн атайын байкоочу тобу түзүлгөн. Жакынкы Чыгышта да буга окшогон байкоочу топ кызмат өтөөдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9