Баалуу кагаздар базары
Баалуу кагаздар базары – баалуу кагаздарды жүгүртүү жагдайы боюнча мамилелердин жыйындысы; каржылык базарлардын бири. Баалуу кагаздар базарын жөнгө салуу төмөнкүлөрдү болжолдойт: а) баалуу кагаздар базарынын эмитенттеринин, кесипкөй катышуучуларынын ишмердигине жана анын стандарттарына милдеттүү талаптарды аныктоо; б) эмиссиялык баалуу кагаздарды жана эмиссиялардын проспекттерин чыгарууну каттоо жана эмитенттердин андан каралган шарттарды жана милдеттенмелерди сакташын көзөмөлдөө; в) баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын ишмердиктерин лицензиялоо; г) ээлеринин укуктарын коргоо жана алардын укуктарын Б. к. б-нын эмитенттеринин жана кесипкөй катышуучуларынын сакташына көзөмөл тутумун түзүү; д) тийешелүү лицензиясы жок баалуу кагаздар базарында ишкердикти ишке ашыруучу адамдарга тыюу салуу жана ишине бөгөт коюу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7