Бабаев Токон 1941-жылдын 15-августунда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

*  
* 1957-жылы Кедей-Арык жети жылдык мектепти аяктап, ушул эле жылы Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик техникалык окуу жайынын тракторист кесибин окуп бүтүргөн. 
* Тракторист болуп иштеп, ошону менен бирге кечки мектептен окуйт. 
*   
* 1962-жылы Ташкенттеги индустриальный техникумга сырттан окууга тапшырат. 
*   
* 1964-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктап, эмгек жолун Сузак районуна караштуу “Үлгү” атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштаган. 
*   
* 1971-1982-жылдары Октябрь кыштагындагы Макаренко атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 
* 1983-1992-жылдары Мектеп аралык окуу өндүрүштүк комбинатта бөлүм башчысы, жетекчиси, 
* 1992-1999-жылдары Макаренко орто мектебинин директору, Тукубай айылынын айыл башчысы, Тайгараев орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип, оорусуна байланыштуу арадактуу эс алууга чыккан. 
*  

Багыш айыл өкмөтүнүн эки жолку депутаты. Эл агартуунун отличниги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3