Бабата кырка тоосуТескей Ала-Тоонун батышында. Түндүгүнөн Кочкор, түштүгүнөн Базартурук жана Төлөк өрөөндөрү менен чектешет. Узундугу 45 км, Орточо бийиктиги 4100– 4300 м, эң бийик жери Бабата чокусу (4400 м). Палеозойдун кристаллдык жана гранит тоо тектеринен турат. Рельефи татаал, 4000 мден жогору нивалдык-гляциалдык формалар мүнөздүү. Капталдары тик (35–40°), батышы аскалуу. Чыгыш бөлүгү басаңдап, Карагатты, Сандык тоолоруна өтөт, борбордук бөлүгү мөңгүлүү. Тескей капталынан бир нече майда суу (Кошкөл, Бөрүлүбулак жана башкалар) агып түшүп, Узунбулак суусуна куят. Бөгүлмөбулак жана Көлбулак өзөндөрүндө бөгөлмө көлдөр бар. Батышы ичкерип, Кызарт белине барып такалат. Түзүлүшү боюнча кыска горст-мегантиклиналь. түндүк этегинен тектоникалык жарака өтөт. Муз доорунда тоонун үстү ири муз калканы менен капталган. түштүк капталы каксоо, талаа чөптөрү (бетеге, шыбак жана башкалар) өсөт; чыгышындагы коктулары майда бадалдуу. түндүк беттерине талаа (2600–3200 м), субальп шалбаалуу талаа (3200–3600 м), альп шалбаа (3600– 3800 м), субниваль (3800–4200 м), нивалдыкгляциалдык ландшафттары (4200–4400 м) мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү