Баба-Ата кырка тоосу - Тескей Ала-Тоосунун батышында, түндүгүнөн Кочкор, түштүгүнөн Базар-Турук жана Төлөк өрөөндөрү менен чектешет.

Уз. 45 км, орточо бийиктиги 4100-4300 м, эң бийик жери Баба-Ата чокусу (4400 м). Палеозойдун кристаллдык жана гранит тоо тектеринен турат. Рельефи татаал, 4000 м ден жогору нивалдык-гляциалдык формалар мүнөздүү. Капталдары тик (35-40°), батышы аскалуу. Чыгыш бөлүгү басаңдап, Карагатты-Сандык тоолоруна өтөт, борбордук бөлүгү мөңгүлүү. Тескей капталынан бир нече майда суу (Кош-Көл, Бөрүлүү-Булак ж. б. ) агып түшүп, Узун-Булак суусуна куят. Бөрүлүү-Булак жана Көл-Булак өзөндөрүндө бөгөлмө көлдөр бар. Батышы ичкерип, Кыз-Арт белине барып такалат. Неотектон. тиби боюнча - кыска мегантиклиналь-горулук Түндүк этегинен тектон. жарака өтөт. Муз доорунда тоонун үстү ири муз калканы менен капталган. Түштүк капталы каксоо, талаа чөптөрү (бетеге, шыбак ж. б. ) өсөт. Чыгышындагы коктулары майда бадалдуу. Түндүк беттеринде талаа (2600-3200 м), субальпы (3200- 3600 м), альпы (3600-3800 м), тоолуу тундра (3800-4200 м), нивалдык-гляциалдык (4200-4400 м) алкактар жатат. Тоо бети малга жайыттуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.