Бабенко Потап Васильевич

Бабенко Потап Васильевич - (1888-1951) айыл чарба өндүрүшүнүн уюштуруучусу, Социалдык Эмгектин Баатыры (1948). 1938-жылдан Панфилов районундагы «За линию ЦК ВКП(б)» колхозунун башкармасы. Анын жетекчилиги менен колхоз райондо алдыңкы чарбага айланып, малдын саны 2 эсе көбөйгөн. 1947-жылы колхоз буудайдын ар гектарынан 30,4 ц, кант кызылчасынын ар гектарынан 443 ц түшүм алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ «Кавалер», 2008. — Т. 2. — 200 с