Бабоа (абабуа, бабуа) — Конго Демократиялык Республикасындагы эл. Бабоа Кисангани шаарынын түндүгүндө жана чыгышында — Арувими жана Уэле дарыяларынын алабында жашашат.
Жалпы саны (бабоа элине жакын нгелима, ангба жана канго менен кошо) — 1 млн адам.

Бабоа

Бабоа эркектери
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 1 млн адам
 Конго Демократиялык Республикасы

Тили

либуа

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

 кирет

бантулар

Тил

Банту уясына кирген либуа тилинде сүйлөшөт.

Дин

Бабоа жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — кол менен иштетилген тропикалык чарбасы (маниок, жүгөрү, банан, ямс, батат). Бабоанын бир бөлүгү кофе плантацияларында жана Кисангани шаарында жайгашкан ишканаларда иштейт.

Коом

Салттуу коомдук уюмга патрилинейлик уруулук уюм, вирилокалдык нике жана көп аялдуулуктун чектелген таралышы мүнөздүү.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Андрианов Б. В. Боа // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999. С.101.
  • Собченко А. И. Этнический состав Конго. в кн.: Африканский этнографический сборник. т. 4. — М., Л. 1962.