Багауддар (лат. Bagaudae - мүмкүн, келмче Baga - күрөш) - 3-5-кылымда Римге каршы Галлия менен Түндүк Испанияда элди эркиндикке чыгаруучу кыймылга катышуучулар.

Булар негизинен жакырланган дыйкандар, көз каранды колондор жана качкын кулдар болушкан. Багауддар кыймылы күл ээлөөчү Рим коомунун жана мамлекет тинин кризисинин бир көрүнүшү болгон. Бул кыймыл 283-285 же 269- 270-жылы башталып, ири жер ээлеринин турак жайларына, начар коргонулган шаарларга бүлүк салган.

Римдиктер тарабынан бул көтөрүлүш басылса да, 408-ж. кайрадан башталган. 435-447-ж. көтөрүлүш түндүк -батыш Галлияга таркаган, бирок 2 жолу басылган. 5-кылымдын орто ченинде көтөрүлүш Түндүк Испанияда чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.