Багдаддагы кош жардыруу (2016)

Багдаддагы кош жардыруу - 2-июлдан 3-июлга караган түнү Ирактын борбору Багдад шаарында орун алган. Жардыруулардын алгачкысы мусулман шииттери чогулган диний борборго жакын жерде болсо, экинчиси Багдаддын түндүк тарабындагы “Аш-Шааб” базарында болгон.

Багдаддагы кош жардыруу
Чабуул болгон жер

 Ирак, Багдад

Датасы

3 июль 2016 жыл
болжолдуу убакыт (21:00UTC)

Чабуулдун ыкмасы

2 жардыруу (Колдо жасалган бомба)

Куралдары

Жардыруучу түзүлүштөр

Каза болгондор

200+ [1]

Жаракат алгандар

221+[1].

Шектүүлөр

 Ислам мамлекети

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ бул жардырууну уюштурганын моюнуна алган.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын саны мындан да артышы мүмкүн, анткени жабыркагандардын көпчүлүгүнүн абалы оор. Каргашалуу жардыруулардан улам Ирак өкмөт башчысы Хейдар аль-Абади 3 күндүк аза күтүүнү жарыялады.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү