Багирова Басти Масим кызы

Багирова Басти Масим кызы (1906 - 27. 2. 1962) - Азерб. ССРинин, Касум-Исмаил районундагы "Бакчакурд" (азыркы Б. Багирова атындагы) колхозунун председатели (1953-62).

Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1947, 1950). 1937-жылдан КПССтин мүчөсү. 1930-ж. колхозго мүчө болуп кирип, 1936-жылдан звено башчысы болуп иштейт. Б. башкарган звено 1946-ж. 5 га аянттан 105, ошондой эле аянттан 1947-ж. 111, 2, 1948-ж. 6, 5 га аянттан 90, 7, 1949-ж. 6 га аянттан 100 ц ден пахта жыйнаган.

СССР Жогорку Советинин 1-3-шайл. жана Азерб. ССР Жогорку Советинин 4-5-шайл. депутаты.

Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.