Багланова Роза - (1. 1. 1922, Кызыл-Ордо облусу, Казалы шаары) ырчы (сопрано), Казак ССР эл артисти (1955), СССР эл артисти (1967). 1939-41-жылдар Кызыл-Ордо педагогикалык институтунда окуган. Өнөр жолун Ташкен филармониясынын ыр-бий ансамблинде ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-жылы 9-майда Берлиндеги жеңиш концертине катышкан. 1947-49-жылдары Казак опера жана балет театрынын, 1949-60-жылдары Казак филармониясынын, 1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Багланова казактын элдик жана композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моңгол жана башка) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчыларынын 2-конкурсунун, 1949-жылы Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия жана башка) гастролдо болгон. Композиторлор Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү