Багыныңкы байланыш (гипотаксис, субординация) - жөнөкөй сүйлөмдүн мүчөлөрүнүн ортосундагы жана татаал сүйлөмдүн курамына кирген предикативдик бирдиктердин (сүйлөмдөрдүн) ортосундагы байланыштын бир түрү.

Багыныңкы байланышта грамматикалык жактан байланышкан ар түрдүү компоненттердин бири (сөз айкашында - багындыруучу түгөй, татаал сүйлөмдө - баш сүйлөм) грамматикалык жактан көзкаранды эмес, өз алдынча турса, экинчи компоненти (сөз айкашында - багыныңкы түгөй, татаал сүйлөмдө - багыныңкы сүйлөм) мааниси жана грамматикалык табияты жагынан 1-компонентке көзкаранды мүнөздө болот. Багыныңкы компоненттин көзкарандылыгы, негизинен, маанилик-грамматикалык белгилер аркылуу туюндурулат.

Татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы Багыныңкы байланыш байламталардын жардамы менен да, байламтасыз да уюшулат. Мында Б.б-тын спефикалык өзгөчөлүгү катары баш жана багыныңкы түгөйлөрдүн ордун алмаштырууга мүмкүн эместик эсептелет, ал эми тең байланыштагы компоненттердин орун алмашуусу алардын мазмунун өзгөртпөйт.

Сүйлөм мүчөлөрүнүн ортосундагы (сөз.айкаштарынын) Багыныңкы байланыш башкаруу, ээрчишүү, таандык, ыкташуу байланыштары аркылуу ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4