Багыттоочулар (станокто) - ар кандай станоктун бөлүктөрүн бир багыт боюнча жылдыруучу түзүлүш.

Багыттоочулар тетиктин так иштетилишин, станоктун жумуш аткаруучу бөлүктөрүнүн бир калыпта жылышын камсыз кылат, алар менен суппорт, стол, каретка жылдырылат. Алар көбүнчө металл кесүүчү станоктордо колдонулат. Мында түз сызыктуу жана айланма кыймылдуу Багыттоочулар пайдаланылып, бетинин формасына карата жалпак, призма, трапеция түрүндөгү, тик бурчтуу жана жумуру, сүрүлүүнүн түрүнө карата жылмышып жана тоголонуп сүрүлүүчү болуп бөлүнөт. Металл кесүүчү станоктун тактыгы Багыттоочулардын тактыгына жараша болот. Багыттоочулар жешилбесин үчүн анын бети жылуулук менен иштетилет, майпайып турулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.