Бажы аймагы – мамлекеттин бажы мыйзамдары толук көлөмдө колдонулуучу аймак. КР мыйзамдары боюнча КР бажы аймагын КР кургак жер аймагы менен анын үстүндөгү аба мейкиндиги түзөт. КР аймагында эркин бажы аймагы менен эркин кампалар жайгашышы мүмкүн. КР мыйзамдарында аныкталгандан башка учурларда, алар КР бажы аймагынан тышкары жайгашкан катары каралат. КР бажы аймагынын чеги, ошондой эле эркин бажы аймагы менен эркин кампалар чеги КР бажы чек-арасы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү