Бажы жеңилдиктери – товарларды, баалуулуктарды, жеке буюмдарды ж. б. ташып чыгууда, ташууда же ташып өтүүдө жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү артыкчылык. Бажы жеңилдиктери жалпы кабылданган бажы режимине караганда жагымдуу таасир тийгизет. Бажы алымдары менен жыйымдарынан бошотуу (тарифтик жеңилдиктер), товарларды, жеке буюмдарды бажы чек-арасынан жеңилдетилген жол-жоболорду колдонуу аркылуу же мындай жол-жоболорду таптакыр эле колдонбостон өткөрүү, жалпы эреже боюнча чек-арага кирип-чыгууга тыюу салынган кандайдыр бир нерселердин өлкөгө ташылып келүүсүнө же ташылып чыгуусуна укук берүү түрүндө ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү