База (французча  base, латынча basis, грек. basis – кадам, таман, негиз, англ. base, нем. basis) спира (лат. spira, грек. speria – кайрылыш, бурулуш) – ордер түркүктөрү жана анын модификацияларын түзүүчү, негизги 3 бөлүктүн (капитель жана фуст менен бирдикте) бири; стилобатка жана тикелей фусттун пайдубалында жайгашат, стереобатка түркүктүн жана антаблементтин түркүк көтөрүп турган бөлүгүнүн оордугун берип турат. Дайыма (тектоника мыйзамдары талап кылгандай) өйдө жагына караганда ылдый жагы кенен келген татаал силуэттен турат. Төмөн жагында бир нече биринин үстүнө бири коюлган жапыз жана жазы бөлүктөрдөн турган чарчы плинти болот жана алардын үстүндө торус жана скоциялары бар. Алардын алга чыгып турган жана тереңдетилген бөлүктөрүнүн чебер айкалышы фусттун каннелюрларындагы тик көлөкөлөр менен контрасттык катыштагы туурасынан жайгашкан көлөкөлөрдүн эң сонун оюнун түзөт. Рим системасындагы 5 ордердин төртөө алардын ар бирине таандык өзгөчө базага ээ (композиттик түркүктөргө коринф базасы колдонулат). 3. грек ордерлеринин ичинен экөөнүн өзгөчө базалары бар. (грек – доридалык ордерде база жок). Рим системасында аттикалык базасы дээрлик ар бир ордерде колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү