Базальтты Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Тосор жана Тамга сууларынын аралыгында, Тосор кыштагынан 6,2 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте, 1962 жана 1972-жылдары издөө иши жүргүзүлгөн. Палеоген мезгилинин көктурпак свитасынын катмарларынын арасында калыңдыгы 2,5–3 м болуп 2 кмге созулуп жаткан пироксендүү базальт кабаты аныкталган. Базальттын химиялык курамы Сулутерек кениндеги базальттын курамына жакын, ошондуктан таш куюу жана минералдык кебезди алууга жарашы мүмкүн. 50 м тереңдикке чейин божомолдуу ресурсу 300 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү