Базарбаева Айнагүл – акын. Лейлек районунун Булак-Башы айылында 1972-жылы 24-майда туулган.

1989-жылы Булак-Башы айылынан орто мектепти, 1994-жылы Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин, Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Андан кийин республикалык гезит-журналдарда журналист, Ош шаарында жана Кара-Суу, Лейлек райондорунда мугалим, Лейлек райондук «Ата журт» гезитинде бөлүм башчы, Лейлек райондук теле көрсөтүү жана радиосунда редактор, 2003-2005-жж. Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын басма-сөз катчысы, 2005-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенген.

Ал 1998-жылы Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2005-жылы республикалык жаш акындардын арасында уюштурулган «Алыкулдун ак боз аты» фестивалынын лауреаты болгон.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Үмүт: Ырлар. – Б.: Полиграфресурс, 2006. – 60 б.

Жүрөгүмдүн ээсине: Проза жана ырлар. - Б.: Полиграфресурс, 2009. - 175 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү