Чолпонбек Базарбаев

Базарбаев Чолпонбек‎»‎ барагынан багытталды)

Чолпонбек Базарбаев -КРнын эл артисти (1979), СССР эл артисти (1982). Солто уруусунун Талкан уругунан.

Чолпонбек Базарбаев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Чолпонбек Базарбаев
Туулган жылы: 4-февраль, 1949-жыл
Каза болгон жылы: 2-сентябрь, 2002-жыл
Туулган жери: Чолпон айылы, Кочкор району, Кыргызстан
Каза болгон жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр бийчиси, киноартист
Наамдары: СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Иштеген театры: Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1966-жылдан 1988-жылга чейин

Таржымалы түзөтүү

1958-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына кирип, аны 1967-жылы бүтүрүп чыккан.
1966-1993 - жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти, генералдык директору.
1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри
1996-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары.
Ушул эле мезгилдерде 1987-жылдан 1995-жылга чейин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
1997-2001-жылдары "Достук" коомунун төрагасы.
2001-2002-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик академиялык А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Ч. Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген.
Базарбаевдин репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык балеттер бий өнөрүн өздөштүрүүнүн эң жогорку мектеби болгон.
СССР эл артисти Базарбаев Б. Бейшеналиевадан таалим алган.
1970-жылы Польшада «Дон Кихот» балетинен үзүндүнү Б. Бейшеналиева менен бийлеген.
АКШ, Кытай, Япония, Франция, Түркия, Швейцария, Дания жана башка дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.

Аткарган ролдору түзөтүү

  • Альберт (А. Адан, «Жизель»)
  • Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү»)
  • Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»)
  • Нурдин (М. Раухвергер, «Чолпон»)
  • Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»)
  • Жигит (Ф. Шопен, «Шопениана»)
  • Солор (Л. Минкус, «Баядерка»)
  • Макбет (Молчанов, «Макбет»)
  • Чолпонбай (Н. Нурымов, «Өлбөстүк») жана башкалар.

Сыйлыктары түзөтүү

Кыргызстан Ленин комсомолу (1977)
Эларалык «Мин он» (Япония, 1993) сыйлыгы.

Атын калтыруу түзөтүү

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик хореографиялык окуу жайына анын ысмы берилген (2004).
Бишкекте эстелиги коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Уразгилъдеев Р. Киргизский балет. Ф., 1983.
  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек, 2003-ж.
  • Жамийла Кочкорбаева. Тунугу өчпөйт жылдыздын. Бишкек, 2005-ж.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1