Базардык тейлөөлөр - сатып алуу жана сатуу объектиси болуп саналуучу тейлөөлөр; товар чыгаруучулардын чыгымдары алардын сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен толугу менен же бир кыйла өлчөмдө жабылат.

Аларга төмөндөгүлөр кирет: чекене жана дүңүнөн соода кылуу тейлөөлөрү, коомдук тамактануу ишканаларын, транспорттордун бардык түрлөрүн тейлөө, жүктөө-түшүрүү, транспорттук-экспедицияльж. Кампаларды жана сактоолорду тейлөө, оңоочу жайларды (автомобилдерди, бут кийимдерди, сааттарды ж.б.) тейлөөлөрү, турак жайларды колдонууга чегерүү, камсыздандыруу (милдеттүү түрдөгү социалдык камсыздандыруудан тышкары), финансылык мекемелердин (валюталарды алмашуу, эсептөөлөрдү жүргүзүү) тейлөөлөрү, ден соолукту сактоо, дене тарбия, билим берүү тейлөөлөрү, маалыматтык эсептөө тейлөөлөрү, адвокаттардын укуктук жактан кеңештери, нотариалдык кеңселердин тейлөөлөрү ж.б.

Базарда иш-жүзүндө жүзөгө ашырылган тейлөөлөрдөн тышкары, базардык тейлөөлөргө жумушчу кызматкерлерге эмгек акы натура түрүндө төлөнгөн тейлөөлөр жана турак жайлардын ээлик кылуучуларынын өзүлөрү үчүн өндүрүп чыгаргандагы тейлөөлөрү дагы кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9