Базар-Коргон чопо кени Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунуда, Жалал-Абад шаарынан 23 км түндүк-батышта, Кайырма кыштагынын четинде, деңиз деңгээлинен 700-745 м бийиктикте. 1972-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин кум-шагыл, кумай топурак, борпоң тектери түзөт. Пайдалуу кумайлуу топурак катмары аллювий-пролювий чөгүндүсүнөн пайда болгон лёсс сымал күлботодон турат. Саргыч боз түстө. Калыңдыгы 20 мге чейин, узундугу 1,3 км. Ийилгичтиги 2,02–5,22%. Чоподон “100” маркасындагы кирпич даярдоого болот. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 8989 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү