Бай – кыргыз коомундагы колунда бар, экономикалык жетишкендикте жашаган адамдардын аталышы. Коомдун социалдык катмары. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Бай» термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп бөлүнүп келгени жалпыга маалым. Элдин мындайча бөлүнүшү табигый көрүнүш. Табият адамдарды күч-кубат, акыл-эс жагынан бирдей жаратпаган сыяктуу эле, алардын материалдык жана руханий байлыктары да бирдей болбойт, ушундан улам, алардын коомдон, анын социалдык тепкичтеринен ээлеген орундары да ар түрдүүчө болот. Тек гана, байлардын байлыгын күнөөлөп, кедейлердин кедейлигин жактоонун эч зарылчылыгы жок, мындай «күнөөлөө» жана «жактоо» өтө оор кесепеттерге алып келээрин «социализмдин тарыхы», биздин аталарыбыздын өмүр баяны далилдеп турат. Бай-манаптардын активдүү бөлүгүн 1917–25-ж. басмачылар катары кырып-жоюп, калганын 1926–30-ж. Кыргызстандан башка аймактарга, Украинага ж. б. жактарга көчүрүп жиберген. Кеңеш доорунда байлар негизинен тап катары жоюлган. Бирок жеке менчикке негизделген азыркы коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында байдын жаңы түрү пайда болду.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9