Башбаракты ачуу

Байбиче.
“Калк ичинде байбичелер эсенби.
Кант кошконсуп, бал кымызын айкаган” (А.Темиров)
Бул – мерчемдүү аялдык, жашамык жаштарын өтөп, өзүн набаттуу кармап келе жаткан энелердин сылык аталышы. Нускалуу карыялыгы – келин-кезектерине, айыл ичиндеги ургаачыларга үлгү. Кийинкилер так ушундай карууга таасирленет. Илгери “байбиче аялы”, “байбиче аялынын балдары” деген сөздөр айтылуучу. Байбиченин [синоним]]и “кемпир”, “токол” деп айтылат. Токол – кийинки аялы, салбар аялы – эри анган, ана көңүл койбогон аялы. Арийне, эрке токолдор да болгон. “Бабиче” деп айтуу маданияттуулукту билдирет. Ал эми кемпир деп кайрылуу адамга, төтөн, жаштарга катуу тийип калышы ыктымал. Ошондуктан минтип кайрылгандарга, “мендей кемирейип кал” деп нааразы болушат. Катарлаш карыялары аларга “байбиче” деп кайрылуулары сылыктык болот. Ургаачылар жашына карай секелек кыз (ойноок кыз), тестиер кыз (бой токтоткон кыз), беш көкүл (бойго жеткен кыз), жубан (күйөөгө тийген), колукту, келин, зайып аял, катын, жашамык тарткан деп аталып жүрүп отурат да, анан бара-бара байбичелердин катарына кошулат.

АдабиятОңдоо

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3